Таласта төө буурчактын баасы 90 сомго чыкты

Таласта төө буурчактын баасы 90 сомго чыкты

Талас облусунда фасоль 90 сомдон сатылууда. Жергиликтүү ишкерлер төө буурчакка баанын кымбатташын дүйнөлүк рынокто фасольдун жылдагыдан азыраак болгону менен байланыштырып жатат. Айрыкча, соңку кырдаалдан улам Кытай менен башка мамлекеттердин соода алакасынын төмөндөгөнү Таласта фасолдун кескин кымбатташына түрткү болду дейт ишкерлер.

Белгилей кетсек, былтыркы жылдын ушул мезгилинде фасолдун бир килограммы 60 сомдун тегерегинде болчу.

Төө буурчак Талас облусундагы дыйкандардын негизги киреше булагы. Кыргызстандан экспортко чыккан товарлардын катарында, башкы импортер өлкө — Түркия.

2014-2015-жылдары Таласта фасоль 100 сомго чейин сатылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>