Таластын Манас районунда Үч-Коргон айыл аймагындагы токойдон 25-мартта чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 3 бөлүм тартырылып, өрт 26-мартка караган түнү саат 00:40та толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана жаракат алгандар жок.
Өрттүн кесепетинен болжол менен 25-30 гектар жер күйгөн.