Таластын Бакай-Ата районунда 18-мартта токойдо чыккан өрттүн аянты 40 гектарды түздү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, 18-мартта саат 12:52де аларга Кең-Арал айылындагы токойдон өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Тилсиз жоо менен күрөшүүгө баш-аягы 135 адам, анын ичинде 40 куткаруучу, токой кызматынан 35 адам жана жергиликтүү тургундардан 60 киши тартылган.
Өрт саат 19:28де толугу менен өчүрүлгөн. Бактыга жараша жабыркагандар жок. Өрттүн аянты 40 гектарды түзүп, куураган чөп жана бак-дарактар күйгөн.
Министрлик өрттү өчүрүүдө жаңы алынган техникалар керекке жараганын белгиледи. Өчүрүү иштери учурунда шамал учкундарды учуруп, өрттүн күч алышына себеп болуп, кыйынчылык жараткан.