Талас шаарында көп кабат үйдүн тургуну көп убакыттан бери батиринин ичине жана үйдүн алдына таштанды үйүп жүргөн. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Аталган тургун Таластагы Оторбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашайт. Анын коңшулары мэрияга арызданып, жыйынтыгында муниципалдык кызматкерлер үйүлгөн таштанды жыйнап кетишкен.
Мэрия шаар тургундарына тазалыкты сактоо керектигин эскертет.