Site icon Reporter.kg

Таласта УКМК тергөөчүнү кармады (видео)

Талас шаарында пара опузалоого шектелип милициянын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, Талас шаардык милициясынын тергөөчүсү Б.Б. кылмыш ишин жабуу үчүн бир жарандан 40 миң сом опузалаган.

17-сентябрда ал пара алып жатканда, УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан колго түшүрүлгөн. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө жүрүүдө.

Exit mobile version