Site icon Reporter.kg

Таласта унаасы менен каналга түшүп кеткен айдоочунун сөөгү табылды

Таласта унаасы каналдан табылган айдоочунун сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Кара-Буура районундагы Ак-Башат айылынын 60 жаштагы А.А. аттуу тургуну 24-сентябрда мал базарга кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы кабарланган.

«»Ауди-80″ үлгүсүндөгү унаасы Чоң-Талас каналынан табылган айдоочунун сөөгү 26-сентябрда суудан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

Жерине Кара-Буура райондук №91 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, туугандарынан 30 адам тартылып, жеке менчик крандын жардамы менен унааны чыгарылган болчу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version