Таласта жаңыланган аэропорт ачылды (сүрөт)

Бүгүн, 21-майда «Талас» аэропортунун ачылышы болду. Ага президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Жапаровдун айтымында, 1979-жылы салынган Таластагы аэропорт Союз тарагандан кийин ишин токтотуп, кийин учуп-конуу тилкесин оңдоо керек болгондуктан жабылган. Эми Таластагы жаңы аэропорт саатына 100 адамды тейлеп турат.