Site icon Reporter.kg

Таластагы Бекмолдо айыл өкмөтүнө 7,9 млн сомго автобус сатып алынат

Таластагы Бекмолдо айыл өкмөтүнө жүргүнчү ташыган автобус сатып алынат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Маалыматка караганда, автобусту 7,9 млн сомго сатып алуу пландалууда. Автобус 40 орундуу болуп, газ менен жүрүшү керек. Ошондой эле автобуста түстүү монитор жана арткы камера болушу зарыл.

Сынак боюнча арыздар 27-сентябрга чейин кабыл алынат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version