Таластагы тамактануучу жайдан чыккан өрт толук өчүрүлдү

Таластагы тамактануучу жайдан чыккан өрт толук өчүрүлдү

Таластагы тамактануучу жайдан чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, тамактануучу жайдагы өрт 16:52де толук өчүрүлгөн. 

Белгилей кетсек, бүгүн, 15:30дар чамасында Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы  «Шаурма City» тамактануучу жайында газ баллон жарылып, өрт тамактануучу жайды каптаган.

Натыйжада 11 адам ар кандай  даражадагы күйүк жаракат алышып, Кара-Буура райондук ооруканага “Тез жардам” кызматы аркылуу жеткирилген.

Алардын ичинен төртөөнүн абалы оор экени кабарланды. 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>