Таластагы тамактануучу жайдан чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, тамактануучу жайдагы өрт 16:52де толук өчүрүлгөн.
Белгилей кетсек, бүгүн, 15:30дар чамасында Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы «Шаурма City» тамактануучу жайында газ баллон жарылып, өрт тамактануучу жайды каптаган.
Натыйжада 11 адам ар кандай даражадагы күйүк жаракат алышып, Кара-Буура райондук ооруканага “Тез жардам” кызматы аркылуу жеткирилген.
Алардын ичинен төртөөнүн абалы оор экени кабарланды.