Site icon Reporter.kg

Таластагы «Жеңиш» сейил багы оңдоп-түзөлөт

Таластагы «Жеңиш» сейил багын оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Маалыматка караганда, шаардын муниципалдык менчик башкармалыгы сейил бакты реконструкциялоого смета түзүүгө тендер жарыялап, ага 125 миң сом каралган.

Тендер боюнча арыздар 12-июлга чейин кабыл алынат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version