Таластан 3 миллион сомдук зер буюмдарды уурдагандар колго түштү

Таластан 3 миллион сомдук зер буюмдарды уурдагандар колго түштү

Талас шаарында дүкөндүн эшигин бузуп кирип, 3  миллион сомдук зер буюмдарды уурдагандар Бишкек жана Чүйдөн кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 58-жаштагы шаар тургуну 9-февраль күнү милицияга кайрылган.

Жабрлануучунун айтымында, белгисиз адамдар анын дүкөнүнө кулпуну талкалап кирип, 3 миллион сомду түзгөн  алтын-күмүштөрүн уурдап кетишкен.

Уурулар ошол эле күнү дагы эки дүкөнгө кирип, сатыкта турган ар кандай  үлгүдөгү  12 уюлдук телефонду уурдап кетишкен.

Жогорудагы фактылар “уурулук” беренеси боюна сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам-иликтөө  иштеринин натыйжасында шектүүлөр Бишкек жана Чүйдөн кармалышкан.

Алар  Талас районунун Көк-Ой айылынын 24 жаштагы тургуну  жана  Чуй облусу Кемин шаарынын 19 жаштагы тургуну экенидиги аныкталган.

Шектүүлөрубактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталган.
[su_image_carousel source=»media: 21921,21922″ crop=»none» autoplay=»4″]

[su_heading size=»20″ align=»left» margin=»30″]Тергөөнүн баштапкы маалыматына ылайык, шектүүлөр 8-февраль эртең менен Таласка  “Хонда аккорд” үлгүсүндөгү  автоунаа менен келишип, түнгө чейин   Көк-Ой айылында  жайгашкан панорамада болушуп, саат 02:20 чамаларында базарга киришкен. Бет капчан түн жамынып дүкөнгө барышып, бирөөсү кийиминин ичине лом салып барып, ошону менен витриналарды талкалаган жана уурдалган буюмдарды  автоунаага салышып түндөп түз эле Бишкек шаарына сапар алышкан. Буюмдардын бир бөлүгүн ломбарддарга  өткөрүшүп, калган бөлүгүн “БМВ 7”  үлгүсүндөгү автоунаага алмаштырышкан.[/su_heading]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>