Site icon Reporter.kg

Таластан коронавирус чыкты, бейтап медицина кызматкери

Талас облусунда коронавирустун алгачкы учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Өкмөт үйүндө өткөн онлайн-бирифингде билдирди.

Маалыматка караганда ооруну жуктуруп алган адам медицина кызматкери болгон.

Кечээ Талас шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунда коронавирус чыккандыгы тууралуу кабар өздүк булактардан келип түшкөн. Бирок облустук шатб маалыматты четке кагып, оорукана дезинфекция үчүн жабылып жатканын билдирген эле.

Талас облусу буга чейин Кыргызстан боюнча коронавирус илдети катталбаган бирден-бир жалгыз аймак эле.

Exit mobile version