Таластын 4 кабаттуу Ак үйүндөгү лифти оңдоого бир миллион сом жумшалат

Таластын 4 кабаттуу Ак үйүндөгү лифти оңдоого бир миллион сом жумшалат

Төрт кабаттан турган Талас облустук администрациясы бир миллион сомго лифт оңдоп жатат. Бул маалыматты облус башчысы Марат Мураталиев Reporter.kg`ге ырастады.

Ал кошумчалагандай, Ак үйдүн ичиндеги лифт жергиликтүү тургундардын суранычы менен оңдолууда. Ага Жерүй кенин иштеткен “Алтын-Альянс” ишканасы бир миллион сомдун тегерегинде каражат бөлгөн.

“Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында облус администрациясы жаркырап турса жакшы да. Бизге келген улгайган жарандардын төртүнчү кабатка чыгышы ыңгайсыздык жаратат. Алар дайыма лифтиңерди оңдотуп койбойсуңарбы деп көп айтышат. Мындан улам, лифтти оңдоп, иштетүү муктаждыгы жаралды”, — деди Мураталиев.

Анткен менен айрым активисттер облуста мындан башка көйгөйлөр көп экенин белгилеп келишет. Эске салсак, Таласта буга чейин бир миллион сомго даараткана курулган. Бирок ал каалгасын үч жылдан бери ача элек.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>