Site icon Reporter.kg

Таластын дин кызматкерлери футбол мелдешине түштү

Талас облусунда дин кызматкерлери арасында футбол боюнча турнир өткөрүлдү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, турнир 8-июлда облустук мусулмандарынын казыяты тарабынан уюштурулуп, ал Усейн Мизраимовдун жана Майрам Казакбаевдин жаркын элестерине арналды.

Спорттук иш-чара маркумдарга куран окуу менен башталып, облустун казысы жана Кара-Буура районунун имамы маркумдардын жасаган иштерин эскеришти.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Бакай-Ата районунун командасы ээлесе, 2-орун казыяттын  командасы берилди. Ал эми 3-орунду Талас районунун командасы алды.

Exit mobile version