Талас облусунда жол кырсыктарынын санын азайтуу үчүн алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициядан белгилешкендей, алардын сунушунун негизинде Таластын Шумкар-Уя айыл өкмөтү 25 чакырым жолго жарыктандыруу орноткон. Натыйжада жолдор жарык болуп, айдоочуларга караңгыда жүрүүсүнө ыңгайлуу болуп калган.
Маалым болгондой, 2023-жылы тогуз айда облуста 106 жол кырсыгы катталган. Ал эми быйыл тогуз 88 учур болуп, жол кырсыктарынын саны 18ге азайган. Ал эми Шумкар-Уя айыл аймагында былтыркы тогуз айда 10 кырсык, ал эми быйылкысында 1 жол кырсык каттталган. Аталган айыл аймакта жол кырсыктар 90%га азайган.
Милиция билдиргендей, жол кырсыктарынын саны алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн жана жолдорго түнкү жарыктандыруу орнотуунун аркасында азайды.
Талас шаарында кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн коомдук жайларда камералар орнотулууда. Милиция шаар бийлигине кат жолдоп, анын негизинде 5 млн сомго 64 камера орнотулган. Алардын ичинен 10у адамды жүзүнөн тааныйт, бешөө унаалардын мамлекеттик номерлерин аныктайт жана 49у көзөмөл камералар.
Шаарда орнотулган камералар шаардык милициянын санарип көзөмөл борборуна туташтырылат.
Учурда видео көзөмөл камераларын ИИМдин «Коопсуз өлкө» борборуна кошуу жумуштары жүргүзүлүүдө.