Тамактануучу жайдан 100 миң сом пара сураган Бишкек мэриясынын кызматкери кармалды  

Тамактануучу жайдан 100 миң сом пара сураган Бишкек мэриясынын кызматкери кармалды  

Бишкек мэриясынын кызматкери пара алып жатып кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-августта Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын А.И. аттуу кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал коомдук тамактануучу жайларды текшерүү учурунда эреже бузулганын аныктаган жана жайкы тамактануучу жайды бузам деп опузалоо жолу менен ал жайдын ээсинен 100 миң сом талап кылган. Мындан сырткары мекемени узак мөөнөткө мыйзамсыз калкалап берүү убадасы менен акчалай акы төлөп туруну талап кылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин алкагында 50 миң сом пара алып жатып кармалган.

Ага 326-берененин 1-бөлүмү (опузалап пара алуу) менен иш козголуп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

[su_image_carousel source=»media: 38977,38978,38979,38980″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>