Site icon Reporter.kg

Тамчыда эс алуу учурунда жоголгон 5 жаштагы бала табылды

Ысык-Кл облусунун Тамчы айылында эс алуучу үйлөрдүн биринде жоголгон бала табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 23-июлда саат 14:30 чамасында Тамчы айылынын Жунушов көчөсүндөгү эс алуучу жайдын аймагындагы коттеджден 2017-жылы туулган Р. аттуу кичине бала ойноп жүрүп жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Ысык-Көл райондук №32 ӨКБдан 2 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер тартылып, баланы аман-эсен табышкан.

Exit mobile version