Site icon Reporter.kg

«Тамга» аскердик санаторийи капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

Коргоо министрлигинин Ысык-Көлдөгү «Тамга» аскердик санаторийинде капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Тендер 24-ноябрда жарыяланып, арыздар 9-декабрга чейин кабыл алынат. Оңдоо иштерине  56,6 млн сом жумшалары каралган.

Капиталдык оңдоо иштери келишим түзүлгөндөн кийин 4 ай аралыгында бүткөрүлүшү зарыл.

Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version