Site icon Reporter.kg

“Танк биатлону — 2021” таймашын Кыргызстан жеңди

Кыргыз танкисттери маарага 2 саат 16 мүнөт 51 секундда келди. Ал эми эстафета түрү боюнча жарышта 24 бутанын ичинен он бирине тийип, башка атаандаштарына караганда алдыга озуп биринчиликти багындырды.

Таймаштын финалында кыргыз аскерлери Тажикстан, Мьянма жана Түштүк Осетиянын командалары менен жарышты. Экинчи орунду Тажикстан, үчүнчү орунду Мьянма алды.

Кыргызстандын командасы биатлондун экинчи дивизионунда күчүн сынады.

Exit mobile version