Тармактык комитет шайлоо босогосун 9%дан 7%га түшүрүү мыйзам долбоорун жактырды

Тармактык комитет шайлоо босогосун 9%дан 7%га түшүрүү мыйзам долбоорун жактырды

Бүгүн, 2-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйыны өттү. Анда «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору саясий партиялардын Жогорку Кеңешке кириши үчүн шайлоо босогосун 9% дан 7%га чейин төмөндөтүү сунушталууда.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутаттар тобу.

Жыйында депутат Дастан Бекешев шайлоо күрөөсүнүн суммасын 5 миллион сомдон 1 миллион сомго чейин кыскартууну сунуштады. Мындай сунушту депутат Марлен Маматалиев да колдоду.

Ал эми депутат Нурбек Сыдыгалиев шайлоо күрөөсүнүн суммасын 10 миллион сомго чейин көтөрүүнү сунуш кылды.

Депутат Тазабек Икрамов “Коррупция” беренеси боюнча соттолгон адамдарга парламенттик шайлоого катышууга тыюу салуу керектигин белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында комитет бул сунуштар мыйзам долбоорунун концепциясынан тышкары деген чечимге келди.

«Мыйзам долбоорунда шайлоо босогосун 9% дан 7% га чейин түшүрүү сунушталууда», — деп кошумчалады комитет төрагасы Канат Керезбеков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>