Тартип комиссиясы Жогорку соттун төрайымы Калиеваны кылмыш жообуна тартууга макулдук берди

Тартип комиссиясы Жогорку соттун төрайымы Калиеваны кылмыш жообуна тартууга макулдук берди

Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясы 4-мартта Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жообуна тартууга уруксат берди. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Жыйынга Калиева өзү келген жок. Анын өкүлдөрү төрайымдын ооруп жатканы тууралуу дарыгерлердин маалымкатын алып келишти. Ошондон улам Гүлбара Калиева маселени кароонун мөөнөтүн ден соолугуна байланыштуу кийинкиге жылдырууну өтүнгөн.

Бирок Башкы прокуратуранын өкүлү Үмүт Коңкубаева иштин создугуп жатканын айтып, мыйзамга ылайык баш прокурор Курманкул Зулушевдин өтүнүчүн токтоосуз кароону сунуштады. Соттор кеңеши маселени журналисттер жок жабык карап, өтүнүч канааттандырылды.

УКМКнын тергөөчүсү Замирбек Субаналиев Жогорку соттун төрайымы Кылмыш кодексинин «Коррупция» беренеси менен шектелип жатканын айтты. Жыйынтыгында комиссия Гүлбара Калиеваны жоопко тартууга макулдук берип, аны кызматтан убактылуу четтетүүнү президент Садыр Жапаровго сунуш кыла турган болду.

Башкы прокуратура Гүлбара Калиеваны «Жергиликтүү сот» долбооруна байланыштуу коррупциялык ишти иликтөөнүн алкагында жоопко тартууга уруксат берүү өтүнүчү менен Тартип комиссиясына былтыр кайрылган.

Ага чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын, ага Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдук берсе, ал камакка алынарын айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>