Site icon Reporter.kg

Тартип сакчылары Ала-Тоо аянтында укташты

Бишкектин борбордук аянтында чогулган элди таратып, тартип орноткон милиция кызматкерлери Ала-Тоо аянтында укташты. Ондогон калканчан милиция кызматкерлеринин асфальттын жана көк чөптүн үстүндө жаткан сүрөттөрү учурда интернетке жарыяланууда.

Соцтармак колдонуучулары күнү-түнү коомдук коопсуздукту камсыздап, өз жумуштарын аткарып жүргөн  кызматкерлерге алкыш айтышууда.

8-август күнү кечке маал мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган соң, анын тарапташтары Ала-Тоо аянтына чогулган. Милиция аларды таратуу үчүн кулак тундуруучу жана көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонгон. 

Exit mobile version