Site icon Reporter.kg

Тарых жаңыланды! Тыныбекова үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болду (видео)

62kg WW - Aisuluu TYNYBEKOVA (KGZ)

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалында жеңишке жетип, үчүнчү жолу дүйнө чемпиону болду.

20-сентябрда өткөн биринчи беттеш күнүндө Тыныбекова польшалык, молдовалык, украиналык жана жарым финалда германиялык спортчуну утуп, финалга чыккан. Финалга чыккан Айсулуу Тыныбекова 2024-жылы Парижде боло турган Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

Бүгүн, 21-сентябрда алтын үчүн беттеш өттү. Финалда Тыныбекова япониялык Сакура Мотоки менен күч сынашып, аны 4:1 эсебинде жеңип алды.

Бул дүйнө биринчилигинде алтын тагынган Айсулуу Тыныбекова үчүнчү ирет дүйнө чемпиону атанды. Буга чейин ал 2019 жана 2021-жылы дүйнө чемпиону болгон.

Дүйнө чемпионаты: Тыныбекова финалга чыгып, Олимпиадага жолдомо алды (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version