Тарыхчы Кыяз Молдокасымов Садыр Жапаровдун ата-тегин изилдеп чыкты — сүрөт

Тарыхчы Кыяз Молдокасымов Садыр Жапаровдун ата-тегин изилдеп чыкты — сүрөт

Тарыхчы Кыяз Молдокасымов «Фейсбук» баракчасына Садыр Жапаровдун ата-теги тууралуу тарыхый маалыматтар менен бөлүштү. Анын бул эмгеги “Садыр Жапаровдун ата-теги. Архивдик булактардагы жаңы табылгалар» деп аталат.

«Мен бул маалыматтарды Алматынын архивинен иликтеп, көчүрмөсүн алып жатканда Садыр Жапаров түрмөдө жаткан. Менден эч ким суранган да эмес, тарых үчүн керек деп мындан башка да Бугу, Саяк урууларынан чыккан алгачкы болуштардын тизмесинин көчүрмөсүн алгам», — деп жазат тарыхчы.

Молдокасымов Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын мурдагы башчысы Ибраим Нуракун уулу 27-ноябрда өткөн Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган илимий конференция учурунда алган маегинде Садыр Жапаров тууралуу Алматыдан архивдик документтер колуна тийгенин айткандан кийин, аны эртерээк жарыялоосун суранып кайрылгандар көп болгонун белгиледи.

Тарыхчы көпчүлүк кайрылуулардан улам бул маалыматты бөлүшкөнүн кошумчалады.

Толугу менен Кыяз Молдокасымовдун «Фейсбугунан» окуса болот.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>