Site icon Reporter.kg

Таш-Көмүр мэриясынын аппарат башчысы жол кырсыгынан каза болду

ÄÒÏ íà Ëþñòäîðôñêîé äîðîãå â Îäåññå 26 ñåíòÿáðÿ 2008 ã.

Жол кырсыктан улам Таш-Көмүр шаардык мэриясынын аппарат башчысы Темирбек Мырзатаев көз жумду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол коопсуздук кызматынынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, кырсык 6-июнь күнү саат 17:00 чамасында Ак-Жол айылында болгон.

“Темирбек Мырзатаев өзүнүн жеке Toyota Camry үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып рулга ээ боло албай, машина ала салып кеткен. Унаада Чүй облусунун Сокулук айылынын 33 жаштагы тургуну дагы болгон. Ал эч кандай жаракат алган эмес”, – деп айтылат маалыматта.

Маркумдун жакындары Мырзатаевдин сөгүн соттук-экспертизага берүүдөн баш тартышып, эч кимге арыз доосу жок экенин билдиришкен.

Анын сөөгү 7-июнда Аксы районунун Аркыт айылында жерге берилген.

Маркумдун артында аялы жана 4 баласы калды.

[su_image_carousel source=»media: 30738,30739″ crop=»none» autoplay=»4″]

Exit mobile version