«Ата-Журт» партиясынын мүчөсү Таш-Көмүргө мэр болду

«Ата-Журт» партиясынын мүчөсү Таш-Көмүргө мэр болду

Таш-Көмүр шаарына Нурлан Доулбеков мэр болуп шайланды. Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык,   Таш-Көмүрдүн мэрлигине талапкер катары эки адам катышкан. «Ата-Журт» саясий партиясынан Нурлан Доулбеков жана

«Таш-Көмүр жаштары» саясий партиясынан Эрк Орозбаев көрсөтүлгөн.

Добуш берүүгө Таш-Көмүр шаардык кеңешинин 31 депутатынан 29 депутаты катышып, Доулбеков 18 добушка, Э. Орозбаев 11 добушка ээ болгон.
Анын жыйынтыгы менен Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп Нурлан Доулбеков шайланган. 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>