Site icon Reporter.kg

Таш-Көмүрдө дайынсыз жоголгон 54 жаштагы жаран изделүүдө

Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында дайынсыз жоголгон 54 жаштагы жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 54 жаштагы К.Ж. аттуу жаран 25-августта болжол менен саат 07:00до үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат. Буга чейин аны шаардык милициянын кызматкерлери издеп, издөө иштеринен майнап чыккан эмес.

4-сентябрь күнү ӨКМдин «112» кызматына издөө иштерине көмөктөшүү тууралуу кайрылуу түшкөн.

5-сентябрда издөө иштерине 8 куткаруучу тартылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version