Ташиев:  Өкмөт башчылыкка Жапаровду бекитүүгө президент бүгүн кол коюусу керек

Ташиев:  Өкмөт башчылыкка Жапаровду бекитүүгө президент бүгүн кол коюусу керек

Президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитүү тууралуу бүгүн жарлык чыгаруусу керек.  Мындай пикирин  бүгүн, 14 октябрда “Мекенчил” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев билдирди. 

Анын сөзүнө караганда Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитүү тууралуу Жогорку Кеңештин токтому президенттин аппаратына берилген. Азыр президенттин кол коюусун гана күтүшүүдө.   

Президент тийиштүү жарлыкты чыгаргандан кийин гана Садыр Жапаров өкмөт башчы катары маалымат жыйын берери күтүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>