Ташиев: Өмүрбек Бабанов калп айтып, коомчулукту алдабасын

Ташиев: Өмүрбек Бабанов калп айтып, коомчулукту алдабасын

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев былтыр 9-октябрда Ала-Тоо аянтында ок атуу менен коштолгон митингдеги баш аламандык тууралуу кайрылуу жасады. 

Анда буга чейин Өмүрбек Бабановдун жергиликтүү басылмалардын бирине маек куруп жатып, митингдеги ок атуу жаңжалды үчүнчү күчтөр уюштурганын, башаламандыкты биз уюштурган жокпуз деп Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров актанганын айтканына жооп кайтарган. 

“Бабанов калп айтып, коомчулукту алдай бербесин. Биз 9-октябрдагы башаламандыктан кийин жолуккан эмеспиз. Ошондой эле биз митингдерди уюштурган жокпуз деп анын алдында актанган эмеспиз.  Биз Бабанов менен 9-октябрга чейин жолукканбыз, Казакбаев калп айтырбайт. Дагы бир жолу кайталайм, Бабанов калп айтпасын, ал Атамбаев жана башка адамдар менен элден бийликти тартып алуу үчүн келген. 

Биз 9-октябрдагы митингде провакация уюштурганын териштирип, күнөлүүлөрдү жазалайбыз”, — деп жазган Ташиев.

Белгилей кетсек, 9-октябрда Ала-Тоо аянтында Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабановдун тарапташтары митинг өткөрүп жатканда Садыр Жапаровдун тарапташтары келип аларды сүрүп чыккан.  Ортодо бир аз убакыт түрткүлөшүү орун алып, таш ыргытуу, мушташ менен аяктаган. 

Ошондой жаңжалда тапанча менен автоунааларды аткылаган адамдардын видеосу да тараган. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>