Ташиев: Атамбаевдин күнөөсү далилденсе жазаланат

Ташиев: Атамбаевдин күнөөсү далилденсе жазаланат

Алмазбек Атамбаевдин күнөөсү сот аркылуу далилденсе жазаланат. Бул тууралуу журналисттер менен жолугушууда УКМКнын жаңы төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

“Атамбаевге кылмыш иши мен бул кызматка келгенге чейин козголгон. Аны биз отургузган жокпуз. Баары мыйзам чегинде болушу керек”, — деди Ташиев.

Ал ошондой эле биз эч кимди саясий куугунтукка албайбыз деп билдирди.

“Анткени ал биздин башыбыздан өткөн. Ар бир адам, саясатчы да өз пикирин айтканга укуктуу. Мындан кийин эч ким саясий куугунтукталбайт. Биздин атаандаштар кылмышкерлер жана коррупционерлер болот”, деди Ташиев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>