Site icon Reporter.kg

Ташиев: Бабанов бюджетке жардам берди

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов бюджетке жардам берди. Бул тууралуу 26-мартта өткөн маалымат жыйында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, коррупционерлерден өлкө казынасына 4 миллиард сомго жакын каражат чогулду.

“Өмүрбек Бабановго көптөгөн изилдөөлөр жүрдү. Бизге чейин Финансы полициясы да изилдөө жүргүздү, биз дагы 2-3 ай изилдеп көрдүк. Бабановдун жакындары жана өзү эч кимге зыян келтирбегени аныкталды. Андан биз бюджетке жардам бер деп сурандык. Ал колунда бар жигит, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине эмес, өлкөнүн бюджетине каражат төктү”, — деди Ташиев.

Белгилей кетсек, буга чейин Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштер токтотулуп, мамлекеттин эсебине өз ыктыяры менен 100 миллион сом өлчөмүндө каражат которууга келишим түзгөнү айтылган.

Exit mobile version