Site icon Reporter.kg

Ташиев бир түндө УКМК 7-8 бажычыны кармаганын билдирди

Ош облусунун Кара-Суу районунда 5-декабрга караган түнү 7-8 бажычы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Кара-Сууда мурда Райымбек Матраимовдун бажы терминалы бар болчу. Аны мамлекетке алып койгонбуз. Ал жерде бажычылардын уюшкан уюгун талкаладык. Ошондой эле Эсеп палатасынын Түндүк аймагы боюнча башчысы эки инспектору менен кармалды. Аларды жөндөн-жөн эле барып кармап алган жокпуз. Алар боюнча кылдат иш алып барылды», — деди ал.

Exit mobile version