Site icon Reporter.kg

Ташиев: Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылганын билген эмесмин

Журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылганын билген эмесмин. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Жыйында депутат Элвира Сурабалдиева Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылганы тууралуу айтып жатып, Камчыбек Ташиевге «жакпаган адамдардын баарын кууй бересиңерби?!» деди.

Андан кийин сөз алган Ташиев Темировдун өлкөдөн чыгарылганын түндө билгенин айтты.

«Сот чечим кабыл алып, өлкөдөн чыгарылды. Иш боюнча жүрөм, эки күндөн бери кесиптештеримди тосуп жатам. Ал өлкөдөн чыгарылганы тууралуу үйгө түндө келгенден кийин гана билдим. Аны өлкөдөн эмне үчүн чыгарышканы менен таанышып чыгыңыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунда журналист Болот Темировдун иши боюнча апелляциялык арыз каралып, сот журналистти өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды. Соттун өкүмү дароо аткарылып, Темиров ошол эле күнү кечинде Россияга депортацияланды.

Буга чейин, 28-сентябрда Свердлов райондук соту Болот Темировду «баңгизатты мыйзамсыз даярдоо», «чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» иштери боюнча актаган. Ал эми «документти жасалмалоо» иши боюнча Темиров жарым-жартылай күнөөлүү деп табылып, бирок иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу ага жаза берилген эмес. Райондук соттун бул чечимдери өзгөртүүсүз калтырылды.

Быйыл 22-январда милиция атайын багыттагы кызматкерлердин коштоосунда Болот Темировдун кеңсесине барып, аны «баңгизатты мыйзамсыз даярдоого» шектеп кармап кеткен. Ошондой эле «баңгизат» ишине байланыштуу Темиров менен иштешкен төкмө акын Болот Назаров да кармалган. Бирок коомчулуктун сынынан кийин алар эч жакка кетпөө тилкаты менен кое берилген.

Кийинчерээк Темировго «чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» жана «документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча иштер ачылган.

Болот Темиров өзүнө козголгон кылмыш иштерин журналисттик ишине байланыштырып, сөз эркиндигине кысым катары баалап келет. Себеби ал жетектеген «Ютубдагы» Temirov LIVE каналы бийлик, анын ичинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандарына байланыштуу иликтөөлөдү жасап келген. Темиров кармалар алдында, 20-январда Temirov LIVE’дын командасы «Эки күндө 37 млн сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдердин схемасы» аталышындагы иликтөөсүн чыгарган.

Депутат Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышын өч алуу деп атады

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Exit mobile version