Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чечме булагы Кыргызстанга өткөнүн билдирди. Бул тууралуу ал кечээ, 26-майда Айдаркен шаарында жергиликтүү калк менен жолугушуу учурунда айтканын «Регион» телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов билдирди.
Ташиев жергиликтүү калк менен жолугушуу өткөрүп, кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу маалыматтар менен кеңири тааныштырган. Анда чек-ара маселесин чечүүдө такталбай калган Чечме булагы Кыргызстанга өткөнүн билдирген.
«Чечеме булагы эми талаштуу эмес жана ал толугу менен Кыргызстандын балансына жазылды, бул маселеге чекит койдук. Бирок, булактын суусун Өзбекстан тарап менен буга чейин болуп келгендей, ортодо пайдаланбыз. Коңшуларыбыз дагы анын суусун пайдаланат, биз дагы ал суудан пайдаланбыз, бул боюнча мамлекеттик деңгээлде келишилди», — деп билдирген Ташиев.
Ошондой эле Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасында алмашылган жер тилкелерин картадан көрсөтүп, маалымат берген.