Ташиев: Чет өлкөгө дарыланганы баратам, дуба кылып туруңуздар

Ташиев: Чет өлкөгө дарыланганы баратам, дуба кылып туруңуздар

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дарылануу үчүн чет өлкөгө кетүүдө. Бул тууралуу саясатчы өзү «Фейсбук» баракчасына жазды.

Ал дарыгерлер чет өлкөдөн дарылануу керектигин айтканын, баары жакшы болот деп үмүт кылып турганын жазган.

«Мен 6-февралда эртең менен дарыланууга чет жакка бара жатам, себеби биздин дарыгер профессор Калдарбек Абдрамановдун сунушу менен барууга мажбур болуп турам. Менин артымдан ар түрдүү сөздөрдү айтпастан дуба кылып турунуздар, мен силердин жардамыңарга муктажмын, буюруса баары жакшы болот. Элибиздин келечеги учун бут омурумду арноого милдеттүүмүн», — деп жазган Ташиев.

Буга чейин да Камчыбек Ташиевдин ооруканада дарыланып чыкканы кабарлаган. Бирок эмнеси ооруп дарыланганы айтылган эмес.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>