Site icon Reporter.kg

Ташиев Чыныбай Турсунбековдун үй-бүлөсүнүн кайсы мүлктөрү мамлекетке алынарын айтты

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев «Акун» компаниялар тобунун негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун кыздарынын кармалышы боюнча 7 каналга комментарий берди.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК Чыныбай Турсунбековдун кыздары Айдай Турсунбекованы жана Бегимай Чыныбек кызын июнь айында кармаганы белгилүү болгон. Турсунбекова соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган, ал эми Чыныбек кызы үй камагына чыгарылган. Аларга «кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)» беренеси боюнча айып тагылганы кабарланган.

Ташиев алардын кармалышын «жеке менчикке кол салуу эмес» экенин айтып, «биздин тушубузда эч кандай жеке менчикке кол салуу деген болбойт, анын баары мурунку замандарда калган, азыр андайга жол берилбейт», — деп билдирди.

«Чыныбай Турсунбековдун кыздары боюнча… Алар 2010-жылы Максим Бакиевге тиешелүү «Акылинвестбанкты» рейдерлик жол менен тартып алышкан. Чыныбай Турсунбеков аялы Нуржан Тентимишовага каттатып, атын «Капитал банк» деп өзгөртүшкөн. Ошондон бери «Капитал банк» болуп иштеп келе жатат», — дейт ал.

Анын айтымында, Чыныбай Турсунбековдун үй-бүлөсү «Бишкек арак заводун» 1,5 гектарга жакын жери менен кошо мыйзамсыз менчиктештирип алышкан.

«Аны болсо бир тууган кайнисине каттатып алган. Жөнөкөй элдер үй курууга төрт сотых жерге жетпей жүрсө, булар Бишкектин чок ортосунан 1,5 гектар жери менен кошо килейген бир заводду ээлеп алышкан. Мен буларды менчигиме же жеке чөнтөгүмө алып аткан жокмун. Мамлекетке кайтартып атам. Мисалы, ошол эле арак заводунун 1,5 гектар жерине Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу элдерге үйлөрдү салып беребиз. Банкты болсо сатып, андан түшкөн акчаны ошол эле МИКке үйлөрдү салганга жумшайбыз», — дейт ал.

Андан тышкары Ташиев Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионаты боюнча сөз кылган.

«Дагы бир иш — Чолпон-Ата шаарында 18 гектар жерди дагы мыйзамсыз алып, «Акун» деген пансионат салып алышкан. Ал жакта да элдер жарым сотых жерге жетпей зарлап жүрүшөт. Булар 18 гектар жерди ээлеп жатышат. Биз аны тартып алып аткан жокпуз. «Жердин баасын мамлекетке төлөп койгула» деп жатабыз», — дейт Ташиев.

Ошондой эле ал маркум Турсунбековдун үй-бүлөсү мүлкүн сактап калыш үчүн Ташиевге акча берген деген сөздөргө жооп берген.

«Туура, бизге да ошондой маалымат түштү, изилдей баштадык. Көрсө, өзүнүн эле 10 жылдан ашык жанында юрист болуп иштеген кызматкери «Ташиев ишиңерди бүтүрүп берем деп акча сурап жатат» деп калп айтып, 5 млн доллар акчасын алдап алып алган. Азыркы убакта ал юрист күйөөсү экөө тең кармалды, тергөө иштери жүрүүдө. Мүмкүн дагы башка адамдардын катышы бардыр, убакыт көрсөтөт.

Чыныбай Турсунбековдун кыздары мына ушундай мыйзамсыз иштер менен алектенишип жүрүшөт. Андан калган мыйзамдуу бир да мүлкүнө тийбейбиз. Мисалы ун комбинаты, кафелери, үй мүлкү ж.б. Ал эми мыйзамсыз ээлеп алган мүлкүн — элдин акысын буларга жедирбестен, элге кайрып беребиз!», — дейт ал.

Чыныбай Турсунбековдун кармалган кыздарынын жактоочулары же туугандары Камчыбек Ташиевдин билдирүүсү боюнча үн ката элек. Reporter.kg алардын пикирин да чагылдырууга даяр.

УКМК Чыныбай Турсунбековдун эки кызын кармап, бири тергөө абагында отурат

Exit mobile version