Site icon Reporter.kg

Ташиев көп бала төрөгөн аялдарга 2 млн сомго чейин «сүйүнчү» төлөнөрүн айтты

Кыргызстанда көп бала төрөгөн аялдарга 100 миң сомдон 2 млн сомго чейин «сүйүнчү» төлөп берүү пландалууда. Бул тууралуу өкмөт башчынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарындагы бала бакчанын ачылышында билдирди.

Иш-чарада ал калктын саны өлкө коопсуздугуна таасирин тийгизе турганын айтып, Кыргызстанда аялдар көп бала төрөшү керектигин сөз кылды. Ташиев көп бала төрөгөн аялдарга «сүйүнчү» төлөп берүү үчүн өкмөт тарабынан программа даярдалып жатканын, ага канча акча керек болору эсептелип жатканын белгиледи.

Ташиевдин айтымында, деңиз деңгээлинен 1000 метр бийиктикте жайгашкан айылдарда, шаарларда жашап, 4 бала төрөгөн аялдарга 100 миң сом, бешинчиге 600 миң сом, жетинчиге 1 млн сом, 8-9 бала төрөгөндөргө 1,5 млн сом, 10 баланы жарык дүйнөгө алып келген энелерге 2 млн сом төлөө пландалууда. Ташиев 6 бала төрөгөндөргө канча акча төлөнө турганын айткан жок.

Exit mobile version