Ташиев: Кырдаалды кечке чейин жөнгө салабыз

Ташиев: Кырдаалды кечке чейин жөнгө салабыз

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын коопсуздук комитетинин жетекчиси менен жолугуп чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен жолукту. Жолугушу нейтралдуу тилкеде өттү.

Ташиевдин айтымында, бардык суроолор чечилип жатат жана бүгүн кечке чейин кырдаал жөнгө салынат.

Буга чейин Ташиев бардыгы тынчтык жолу менен чечилерин айтып, Көк-Сай айылындагы абалды байкоо үчүн жөнөп кеткени кабарланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>