Ташиев: Кыргыз-Өзбек чек арасы 100% чечилди, азыр Баткенге учуп кетем

Ташиев: Кыргыз-Өзбек чек арасы 100% чечилди, азыр Баткенге учуп кетем

Кыргыз-өзбек чек арасында эч кандай талаштуу жер калган жок, бардыгы 100 пайыз чечилди. Бул тууралуу 26-мартта өткөн маалымат жыйында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Камчыбек Ташиевге журналист эмнеге азыр формачан отурасыз? деген суроо узатты.

Ташиев: «Жыйындан чыгып эле Баткенге сапар алам, кыргы-өзбек чек арасы боюнча маселе чечилди. Ар бир жер Кыргыз тарапга дагы, Өзбек тарапга дагы керек. Сүйлөшүү аябай кыйын болду. Түнкү саат 2ге чейин макулдашуулар болду. Өзбек тарапка сүйлөшүү үчүн ыраазычылык билдирем. Алар бизди каршылаш көргөн жок. Өнөктөш катары көрүштү. Эми Баткен барып ал жактагы чек ара маселесин чечип келем» деди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>