Ташиев: Кыргыз-Өзбек чек арасында эч кандай талаштуу жер калган жок

Ташиев: Кыргыз-Өзбек чек арасында эч кандай талаштуу жер калган жок

Кыргыз-өзбек чек арасында эч кандай талаштуу жер калган жок. Бул тууралуу 26-мартта өткөн маалымат жыйында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, Орто-Токой суу сактагычындагы сууну Өзбекстан толугу менен колдонот, анын айланасындагы 800 гектардай жер бар, анын 200 гектары Кыргызстанга өттү.

“Көк-Серек тилкесинен 105 гектар, Ала-Букадагы Байастан тилкесинен 212 гектар, Ак-Таш тилкесинен 100 гектар, Унгар-Тоодон 35 гектар жер, бул толугу менен бизге өттү. Кара-Белес тилкесинин 25 гектар жери жазылды, Гавасай тилкесинен 8 миң гектар жер алынды. Ал эми Шахрехан-Сайдан берилген жерди Өзгөндүн баш жагынан алдык. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда такталбаган жерлер калбады”, — деди Ташиев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>