Ташиев Кыргыз футбол бирикмесинин президенти болду (видео)
Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол бирикмесинин президенти болуп шайланды. Ал аталган кызматка жалгыз талапкер болгон. Кыргыз футбол бирикмесинин кезексиз Конгрессинин делегаттары анын талапкерлигин бир добуштан колдоду. Ташиев КФБнын президенти кызматын 2026-жылдын апрель айына чейин аркалайт. Эскерте кетсек, буга чейин КФБнын президенти болуп келген Медербек Сыдыков Кыргызстандын футбол курамасынын Азия кубогундагы ийгиликсиз оюнунан кийин кызматтан кетүүнү чечкен.
Скопируйте и вставьте этот URL на ваш сайт под управлением WordPress
Скопируйте и вставьте этот код на ваш сайт