Кыргызстан менен Тажикстан чек араны делимитация жөнүндө жыйынтыктоочу протоколго кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда УКМКнын төргасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегацияларынын отурумунан кийин билдирди.
Ташиев эки өлкө тарыхий макулдашууга кол койгонун, бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары үчүн тарыхий күн экенин айтты.
«Биз эки өлкөнүн чек арасын делимитация боюнча жыйынтыктоочу протоколго кол койдук. Мындан мурдараак урматтуу Саймумин Саттарович (Тажикстандын УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов — ред.) айткандай, биз жетекчилик үчүн кол койгонго бир нече документ даярдадык. Биринчиси «Мамллекеттик чек ара тууралуу» келишим, экинчиси, биздин өкмөттөрдүн ортосундагы энергетика жана суу объектилери боюнча макулдашуу, үчүнчүсү кесилишкен жолдорду пайдалануу жана жаңы жолдорду куруу тууралуу макулдашуу», — деди ал.
Ташиев эки өлкөнүн комиссиялары бүтүндөй чек ара сызыгын макулдашып бүткөнүн билдирди.
Эскерте кетсек, 2021-жылы апрелде жана 2022-жылы сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кандуу куралдуу кагылыштар болгон. 2021-жылы майдын аяктарында Кыргызстан Тажикстан менен чек араны жапкан. 2022-жылы январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев эки өлкөнүн чек арасы маселе толук чечилгенден кийин ачыларын билдирген.
2024-жылы 4-декабрда Ташиев Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин такташып, макулдашканын, алдыда документтештирүү иштери турганын айткан.
11-февралда Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин Исфара менен Ворухтун (Кыргызстандын аймагындагы анклав – ред.) ортосунда түз жол салуу жана бир катар суу объектилери боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирген.