Site icon Reporter.kg

Ташиев кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик кайра жанданганын айтты

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында аткезчилик кайра жанданды.  Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев  Балыкчы шаардык башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш аземинде билдирди.

Буга байланыштуу мамлекеттик бийлик органдарынын жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине Баткендеги аткезчиликти толугу менен токтотуу тапшырмасы берилди.

Камчыбек Ташиев сот органдарындагы коррупция менен күрөштү дагы күчөтүүнү буйруду.

Белгилей кетсек, бүгүн эле УКМК Лейлек районунун аймагынан 2 милллион сомго жакын контрабандалык жүктү кармаган.

Кыргызстан 2021-жылдын май айында Тажикстан менен чек арасын жапкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version