Site icon Reporter.kg

Ташиев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу тууралуу айтты

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу Кыргызстандын түбөлүгу үчүн аба менен суудай керек», — дейт УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.

Комитеттин башчысы темир жолго каршы тараптар чагымчыл маалыматтарды жарыялап жатканын айтты.

«Долбоорго акылы жок же алысты көрө албагандар эле каршы чыкпаса, акылы тунук Кыргызстандыктар каршы чыкпайт. Биз илгертен бери туюк өлкөдө жашап келе жатпайбызбы. Бул жолду куруу маселеси эгемендик алганыбыздан бери көтөрүлүп келе жаткан маселе. Телеграмм каналга чагымчыл материал салып аткандардын максаты башка. Ошону жалпы эл журт билип алыш керек. Бул жолдун курулушуна ичи ачышып жаткан тышкы күчтөр жок эмес. Эгер кимде ким каршы чыкса, ал ошол тышкы күчтөрдүн буйрутмасын аткаргандар деп билсек болот. Ошондуктан кандайдыр бир провокация болсо дүрбөп чыгаардан мурда жети өлчөп бир кескиле дейт элем», — дейт ал.

Exit mobile version