Site icon Reporter.kg

Ташиев мамлекет курган үйлөрдөн жээнине батир берүүгө каршы чыкканын айтты

Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) куруп жаткан үйлөр коррупция жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөн түшкөн акчага салынууда. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарында эл менен жолугушуу учурунда билдирди.

Ал күзүндө 1500 үй-бүлөгө батир берилерин кабарлады.

«Мен мамлекетке кайтарылган жерлерден бир сотых албайм. Ташиев өзүгө алып жатат дегендер бар экен. Ал жерлерге жарандар үчүн үйлөр курулат. Бандиттерден, коррупционерлерден түшкөн акча жөнөкөй элге жумшалат», — деди Камчыбек Ташиев.

УКМКнын төрагасы МИК тарабынан салынган батирлерди бөлүштүрүү УКМКнын көзөмөлүндө экенин белгиледи.

«Бир тууган эжемдин кызы мага батир сурап кайрылыптыр. Ага «жээним сага квартира берилбейт. Мага сөз тийет. Биздин атыбыз чыкпасын. Башка жол менен караштыралы», — дедим. Мэр болобу, губернатор болобу тууганына бир батир алып бере турган болсо, жазалайбыз. Үй алган ар бир адамды текшерип чыгабыз», — деди ал.

Exit mobile version