Site icon Reporter.kg

Ташиев мандаты боюнча “Ата-Журт Кыргызстан” спикерге кайрылды

Депутат Шайырбек Ташиевдин мандатын тапшыруу маселеси боюнча “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы чечим кабыл алды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго кайрылган.

Анда Шайырбек Ташиевдин депутаттык мандатын тапшыруу маселесин ар тараптуу жана адилет иликтөөнү камсыз кылып берүү максатында тиешелүү чараларды көрүүнү өтүнөөрү”  айтылган.

Кечээ, 26-январь күнү “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы өз жыйынында депутат Ш.Ташиевдин  кайрылуусун талкуулап, республикабыздын булуң-бурчундагы шайлоочулардан Жогорку Кеңештин депутаты Ш.Ташиевдин чечимине каршы болгон кайрылуулардын келип жаткандыгын жана шайлоодо №14 Жалал-Абад бир мандаттуу шайлоо округунан 21 миңден ашуун шайлоочулардын добушун алгандыгын эске алуу менен, фракция анын мандатын тапшыруу чечимине түрткү болгон жагдайларды терең иликтөө жүргүзүү үчүн Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жолдогон.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн бир тууган иниси Шайырбек Ташиевди депутаттыктан кетээрин айткан.

Exit mobile version