Site icon Reporter.kg

Ташиев: Матраимов 200 млн доллар төлөп, камактан чыкты (видео)

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов өлкө бюджетине 200 млн доллар төлөп, камактан чыкты. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Жыйында депутат Балбак Түлөбаев Матраимов камактан чыкканын айтып, «ал бюджетке акча төлөдүбү?» деген суроо узатты.

Ташиев Райымбек Матраимовго «чек арадан мыйзамсыз өтүү», «бейбаштык», «кылмыштуу кирешелерди адалдоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун эске салды.

«Үч берене боюнча кылмыш ишин козгогонбуз. Тергөө 8 ай жүрдү. Ал эки күн мурун чыкты. Райымбек Матраимов Кыргызстандын бюджетине 200 млн доллар акча төлөп, камактан чыкты. 200 млн доллар, бул 2 млн, 20 млн доллар эмес. Сом менен алганда ал 17 млрд сомго жетет», — деди ал.

Сөзүн улай Ташиев 2021-жылы Матраимов биринчи жолу кармалганда бюджетке 2,5 млрд сом төлөгөнүн, ошондогу жана азыркыны эсепке алганда ал мамлекетке жалпы 19,5 млрд сом төккөнүн билдирди.

Ташиев Матраимов 17 млрд сомду акча түрүндө гана эмес, мүлк катары бергенин, алар мүлктөрдү экспертизадан өткөрүп, арзан баада өткөрүп алганын айтты.

Эскерте кетсек, 7,5 айдан бери камакта отурган Матраимов 11-ноябрда УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү боюнча эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан чыгарылганы белгилүү болгон.

2021-жылы ал «коррупция» беренеси менен соттолгон.

Райымбек Матраимов 7,5 айдан кийин камактан бошотулду

 

Exit mobile version