Ташиев: Матраимовдордун үй-бүлөсү боюнча толук иликтөө жүрөт

Ташиев: Матраимовдордун үй-бүлөсү боюнча толук иликтөө жүрөт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп дайындалган Камчыбек Ташиев учурда журналисттер менен маалымат жыйын курууда. Анда Тилек Матраимовдун үй камагына чыккандыгы боюнча суроого жооп берип жатып аталган үй-бүлө тууралуу жакында толук иликтөө жүрөт деп билдирди.

“Тилек Матраимов боюнча кече Ош облустук соту үй камагына чыгарыптыр деп уктум. Соттун чечимине биз эч кандай кийлигише албайбыз. Бирок бул үй-бүлө боюнча биз толук иликтөө жүргүзөбүз. Муну жакында угасыңар”, деди Ташиев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>