Site icon Reporter.kg

Ташиев: Мындан ары «Ата-Журт» партиясы шайлоолорго катышпайт

Камчыбек Ташиев

«Ата-Журт» партиясы 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого жана андан кийин шайлоолорго катышпайт. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Фесйбуктагы» баракчасында билдирди.

«Мага жеткен маалыматтар боюнча жер жерлерде «депутат болом» деген талапкерлер «Ата-Журт» партиясы менен катышабыз деген пикирлерин билдирип жатышыптыр. Айрым жерлерде лидерликти жана тизмеде биринчиликти талашкандар болуп жатыптыр. Арасында, көпчүлүгү, баягы эле илгертен бери бийликте тургандардын партиясы менен депутат болуп келип жүргөн жүздөр.

Урматтуу мекендештер! «Ата-Журт» партиясын түптөгөндөрдүн сап башында турган адам катары айтам: «Ата-Журт» партиясы 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышпайт», — дейт Ташиев.

Ташиев аталган партияны шайлоого катыштырбоонун себебин айтты.

«Ата-Журт» партиясы аталганда эле менин ысымым менен байланыштырышат. Ошондуктан мен мамлекеттик кызматта олтуруп алып, партияны бул шайлоого катыштырсам туура эмес болуп калат.

Керек болсо 2026-жылкы парламенттик шайлоого дагы катыштырбаймын. Албетте сиздер тараптан: «Анда эмне үчүн 2021-жылы парламенттик шайлоого катыштырдыңыз?», — деген суроо болот.

Чынымды айтсам, ал убакта чырм эткенге убакыт жок, иш менен алек болуп жүрүп, шайлоого деле көңүл бурган эмес экенмин.

Партиянын мүчөлөрү келип: «Камчыбек Кыдыршаевич, уруксат берсеңиз «Ата-Журт» партиясы менен парламенттик шайлоого катышалы», — деп сурангандарынан — «Мейли», — деп уруксат берип койгон элем.

Эми мындан ары «Ата-Журт» партиясы шайлоолорго катышпайт», — дейт ал.

Exit mobile version